Turmush — Ош облусунун Алай районунун Гүлчө шаарында жол оңдоо иштерине байланыштуу айрым көчөлөрдө таза суу берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Гүлчө шаарынын башкы көчөсү болгон Алымбек датка көчөсүндө жол куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Учурда Курманжан датка көчөсүнө чейинки аралык жабылып, жолдо техникалар иштеп жатат.
Буга байланыштуу Алымбек датка көчөсүндө, жаңы савай участкасында, Ж.Абдиев, Т.Үмөталиев көчөлөрүндө таза суу берүү толугу менен белгисиз убакка чейин токтотулат.
Гүлчө коммуналдык чарба муниципалдык ишканасынын техникалары зарыл болгон учурда таза суу менен камсыздап турат.