Turmush — Жалал-Абад облусунун Сузак райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Саадат Турганбаева кызматынан кетти. Бул маалыматты Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги тастыктады.
Маалым болгондой, ал саламаттыгына байланыштуу 2026-жылдын 17-апрелинде кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазган.
Турганбаева Саадат Сайдибакасовна бул кызматка өткөн жылы дайындалган болчу. Буга чейин Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгын жетектеген.