Turmush — Ысык-Ата районунда «Жыл мугалими 2026» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы 2026» сынагынын райондук этабы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга акимчиликтен билдиришти.
Маалым болгондой, анда Новопокровка айылынын Баранов атындагы мектебинин химия сабагынын мугалими Таалайбек кызы Жибек «Жылдын мыкты мугалими» деп табылды.
Сынакты жыйынтыктоо иш-чарасы райондук маданият үйүндө белгиленип, ага аким Алмазбек Рахманкулов баш болгон жетекчилер катышты. Таалайбек кызы Жибекке акимчиликтин атынан диплом жана 50 миң сом акчалай сыйлык, профсоюз уюмунун атынан идиш жуучу машина тапшырылды.
2-орунга Ивановка айылынын Касым Тыныстанов атындагы мектебинин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Наргиза Имантаева ээ болуп, 30 миң сом акчалай сыйлык жана муздаткыч менен сыйланды.
3-орунду Курманкул Айдарбеков атындагы жалпы билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими Диана Шарипова багындырып, 20 миң сом акчалай сыйлык, сыналгы менен сыйланды.
Мындан тышкары сынакка катышкан мугалимдер атайын номинациялардын ээси болушту.
Алар:
- Ивановка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Венера Султаналиева «Креативдүү мугалим»,
- Осмон Лайлиев атындагы мектеп-комплексинин башталгыч классынын мугалими Мадина Самүдүнова «Улуттук баалуулуктарга өзгөчө басым жасагандыгы үчүн»,
- Осмонкул Бөлөбалаев атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Анара Жеңишбекова «Сабак берүүдөгү чеберчилиги үчүн»,
- Динара Мамашева атындагы мектептин географ мугалими Асанадин кызы Фарида «Зиректүүлүгү жана билим деңгээли үчүн» номинацияларынын ээси болушту.
«Жылдын мыкты тарбиячысы 2026» сынагында Ак-Кудук айыл аймагындагы «Белочка» бала бакчасынын музыкалык жетекчиси Софьян Исма 1-орунду ээлеп, 30 миң сом акчалай сыйлык жана идиш жуучу машина менен сыйланды.
- 2-орунду «Наристе Ысык-Ата» бала бакчасынын тарбиячысы Ишенбек кызы Жылдыз ээлеп 20 миң сом акчалай сыйлык жана муздаткыч алды.
- 3-орунду «Гүл балалык» бала бакчасынын тарбиячысы Гүлкайыр Акманалиева 10 миң сом акчалай сыйлык жана сыналгы менен сыйланды.