Turmush — Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 22–24-март күндөрү Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын жарандык коргонуунун абалы бааланды.
Үч күндүн ичинде Кара-Көл шаарынын жарандык коргонуу кызматтарынын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-аракеттерин камтыган иш кагаздары текшерилип, күч каражаттары бааланды. Анткени күтүүсүз келип чыккан ар кандай кырсыктарда калкты жана аймактарды коргоо үчүн ыкчамдык жана туура иш-аракет талап кылынат.
Мындан улам ӨКМдин атайын комиссиясы тарабынан жер-жерлерде жарандык коргонуу кызматтарынын мүмкүнчүлүктөрү жана уюштуруу пландары бааланып, аныкталган бир катар кемчиликтерди кыска мөөнөттө жоюу тапшырмасы коюлду.
Бул иш президент Садыр Жапаровдун «2026-жылга Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу жаатындагы пландарды бекитүү жөнүндө» жарлыгынын негизинде жүргүзүлүүдө.