Turmush — Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Кайыңды шаарында “Эркин-Тоо” гезитинин тунгуч редактору, кыргыз журналистикасынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана мамлекеттик ишмер Осмонкул Алиевдин өмүрү менен ишмердүүлүгүнө арналган илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда окумуштуулар, тарыхчылар, журналисттер жана жердештери анын эмгегин эскеришти.
Осмонкул Алиев 1903-жылы Панфилов районунун Фрунзе айыл аймагына караштуу Чолок-Арык айылында төрөлгөн. Ал “Эркин-Тоо” гезитинин тунгуч редактору болуп, Кыргыз АССРинин Агартуу эл комиссары кызматына эки жолу дайындалган.
1937-жылы август айында партиянын катарынан чыгарылып, камакка алынган. 1938-жылдын ноябрь айында СССР Жогорку сотунун Аскер коллегиясы тарабынан соттолуп, репрессиянын курмандыгы болгон.
1957-жылы 29-ноябрда Кыргыз компартиясынын Борбордук комитетинин бюросунун чечими менен акталган. Ал эми 1991-жылы сөөгү кайрадан “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине коюлган.
Конференцияда райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы—аким Бекмаат Масаидов, “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин өкүлдөрү, Улуттук илимдер академиясынын тил жана тарых институттарынын илимий кызматкерлери, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессордук-окутуучулук курамы, ошондой эле журналисттер жана жердештери баяндама жасашты.
Илимий баяндамаларда Осмонкул Алиевдин өмүр жолу, ишмердүүлүгү жана кыргыз журналистикасынын өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу кеңири талкуу жүрдү.
Конференциянын негизги максаты — Чүй облусунун 100 жылдык мааракесинин жана “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө жарлыктын алкагында Осмонкул Алиевдин өмүр жолун жана чыгармачылык мурасын илимий жактан изилдөө, анын агартуу тармагына жана кыргыз журналистикасынын калыптанышына кошкон салымын даңазалоо болду.
Академик, КР президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Б. Юнусалиев атындагы Тил илими институтунун директору Сыртбай Мусаев тунгуч редактордун калыстыгын белгилеп, айрым маалыматтарга тактоо киргизди.
«Осмонкул Алиевдин калыстыгы ушунда. Ал редактор катары эң алгач Аалы Токомбаевдин “Октябрдын келген кези” аттуу ырын гезитке чыгарган. Коомчулукта такталбаган бир маалымат бар. 1926-жылы Бакуда түркологиялык съезд өткөн. Ага Ишеналы Арабаевди партия жөнөткөн эмес. Касым Тыныстанов илимий комиссияны жетектеп барган. Ошондой эле төкмө акын Осмонкул Бөлөбалаев да катышкан. Осмонкул деген ысым уйкаш болгондуктан, Осмонкул Алиев Бакуга барган деген маалымат айтылып жүрөт. Экинчиден, эки жолу агартуу министри болгон Осмонкул Алиев мектептердин ачылышына, окуу китептери менен толук камсыз болушуна чоң салым кошкон», — деди академик Сыртбай Мусаев.
Ал эми тарых илимдеринин кандидаты Кыяс Молдокасымов Осмонкул Алиев эгемендүүлүктүн алгачкы түптөөчүлөрүнүн катарында турганын баса белгилеп, анын 21 жашында тунгуч “Эркин-Тоо” гезитин жетектеп, кыргыз комсомолун түзүүгө да катышканын айтты.
Ошондой эле конференцияда Осмонкул Алиевдин кичи мекени болгон Фрунзе айыл аймагына анын ысымын ыйгаруу, жогорку окуу жайларда анын атындагы стипендия уюштуруу жана журналисттер арасында сыйлык түзүү сунушталды.
Кайыңды шаарынын тургуну, архив изилдөөчү жана жазуучу Жекшенбек Турусбеков Осмонкул Алиев тууралуу жазылган макалаларына токтолуп, анын ысымын айрым жайларга ыйгаруу маселесин көтөрдү.
«Ырас, жергиликтүү басма сөз кызматында иштеп жүргөндө Осмонкул Алиев жөнүндө макала жарыялаган элем. Ошону менен бирге жетекчилердин колдоосу менен сыйлык да уюштурулган. Бирок азыр ал токтоп калды. Эми бул маселени кайрадан карап чыгуу мезгили бышып жетилди», — деди ал.
Иш-чаранын демилечиси, Кыргыз улуттук университетинин дизайнер-сүрөтчүсү Болотбек Чегибаев Осмонкул Алиевдин 200дөн ашуун калкы бар, 47 түтүндөн турган кичи мекени Чолок-Арыкта болгону бир көчөгө гана анын ысымы ыйгарылганын белгиледи.
«Тоо этегиндеги чакан айыл. Болгону бир эле көчө. Ошого гана ысымы ыйгарылган. Тунгуч редакторду, мамлекеттик ишмерди мындай чектөө ыйманга да туура келбейт», — деди ал.
Ал эми райондун ардагери Абылкан Исраилов кичи мекениндеги белгилүү инсандарды даңазалоо керектигин айтып, Ровное айылы, мурдагы Ак-Эрмен, Манас менен Алманбет жолуккан ыйык жер экенин белгиледи.
Ошондой эле тарыхчы, “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин илимий бөлүм башчысы Салтанат Асекованын маалыматы катышуучулардын көңүлүн бурду.
«Ата-Бейиттеги 12 тарыхый инсандын арасында Осмонкул Алиев да бар. Аны Германиядан, Польшадан жана башка мамлекеттерден келгендер көрүп, маалымат алып жатышат. Эми жердештерин да кызматташууга чакырам», — деди ал.
Иш-чаранын соңунда район акими Бекмаат Масаидов иш-чараны демилгелеп, уюштурган Чолок-Арык айылынын тургуну Болотбек Чегибаевге ардак грамота тапшырып, катышуучуларга ыраазычылык билдирди.