Turmush — Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылында окуучулар өтүүчү кууш жолдогу тосмо кооптуу абал жаратып жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
Маалыматка караганда, видео 21-апрелде тартылган.
«Бул — Школьная аттуу кууш көчө. Чиркөөнүн жанындагы бетон дубал кулап калуу коркунучунда турат. Ал жерден көптөгөн окуучулар, жаш балдар өтүшөт. Муну ким карайт? Кармап көрсөң кыймылдап калыптыр. Эртең кулап кетпейт деп ким кепилдик берет?» — дешет жергиликтүү.
Ал эми айыл өкмөт башчысы Эдик Сартпаевдин айтымында, чиркөөнүн администрациясы тескерисинче айыл өкмөтүнүн үстүнөн арыз жазган.
«Чиркөө тарапта “Рассвет” айыл чарба кооперативине тиешелүү маданият үйү бар. Ошонун тосмосу. Бизге айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп беришпей жатат. Буга чейин өткөрүп берүү боюнча кат жазсам, жыйында баш тартып коюшту. Андан кийин мага “прокуратура чара көрүп берсин” деп арыз жазышкан. Анда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жөнүндө сөз болгон. Барып сүйлөшүп жатып, арызын кайра алдырып койдук. Ал эми кыйшайып калган бул тосмо боюнча архитектурага кайрылабыз», — деди ал.
Кийинчерээк Кожомкул айылындагы кооптуу дубал оңдолуп, коопсуз абалга келтирилгени кабарланды.
Бул аймак «Рассвет» аталышындагы кооперативге караштуу жер болуп саналат.
«Биз аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кооптуу дубалды оңдоттук», — деп айтылат маалыматта.