Turmush — Нарында бодо малдын жалына, мойундарына жана куйруктарына жарык чагылдыруучу тасмалар тагылууда. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, жаз келип, мал талааларга чыгып, Нарын облусунун аймагында мал сүзүү менен коштолгон унаа кырсыктар катталууда. Мындай жол кырсыктарын алдын алуу болтурбоо максатында Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтү менен биргеликте, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жол жээгинде түнкүсүн кароосуз калган бодо малдардын жалына, моюндарына жана куйруктарына тасмалар тагылып жатат.