Turmush — Бүгүн, 22-апрелде Түп райондук мамлекеттик администрацияда бардык айыл аймактардан жалпы 54 үй-бүлөгө 150 миң сомдун сертификаты тапшырылды.
Иш-чаранын алкагында буга чейин социалдык келишим менен иш баштагандар — азык-түлүк, бал өндүрүүчүлөр жана багбанчылардын иш-аракеттери боюнча жармаңке уюштурулуп, аким, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы катышты.
Маалыматка ылайык, «Социалдык келишим» аркылуу каражат алгандардын көпчүлүгү мал багытына ыктаса, өндүрүш, аары чарбасы, соода сатык долбоору да колдоо тапты.
«Бул жылы жалпысынан 192 үй-бүлөгө "Социалдык келишимдин" негизинде 150 миң сомдун сертификаты тапшырылып жатат. Көбүнчөсү майда мал көбөйтүүгө басым кылса, кыз-келиндер арасында тикмечилик, кондитердик азык, тамак-аш жасоо сыяктуу өндүрүш тармагына, соода-сатыка багыт алып жатышат. Жалпы жыйынтыгы боюнча бардыгы тегиз кетти деп айтуудан алысмын. Арасында ишти улап кете албагандар бар. Бирок биздин кызматкерлер жеринде методикалык, практикалык жактан жардам берүү иретинде окууларды өткөрүп келе жатабыз», - деди райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Канатбек Курманалиев.
«Социалдык келишим» программасынын алкагында 2022-жылы 50, 2023-жылы 150, 2024-жылы 250, ал эми 2025-жылы 201 үй-бүлө мамлекеттен кайтарымсыз акча каражатын алган.
Социалдык келишим — бул Кыргызстандагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жашоо шартын жакшыртуу жана жеке бизнесин баштоо үчүн берилүүчү мамлекеттик кайтарымсыз жардам программасы.
Буга чейин каржылоонун суммасы 100 000 сом. 2025-жылдан баштап 150 000 сомго чейин көбөйтүлгөн. Негизинен «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алган, бизнес-идеясы бар жана аны ишке ашырууга даяр үй-бүлөлөргө берилет.