Turmush — «Жалал-Абад» курортундагы мисте токойдун мэриядан Кара-Алма-Үрүмбаш токой чарбасына өтүүчү аянты кайрадан эсептелип, такталып чыгат.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Манас шаарынын биринчи вице-мэри Дамирбек Давлянов баштаган бийлик өкүлдөрү, Кара-Алма-Үрүмбаш токой чарбасынын башчысы Равшанбек Камбарбеков баштаган топ жеринде көрүштү. Анда биринчи вице-мэр Дамирбек Давлянов муниципалдык менчикте турган 214 гектар мисте токойду өткөрүп берүүдөн мурун шаар бийлиги алдыда жасай турган ири долбоорлордун жер тилкелерин эске алуу керектигин белгиледи.
«Бизге быйылкы жылдын январь айында Кара-Алма-Үрүмбаш токой чарбасы мэриянын балансындагы мисте токоюн өткөрүп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Шаардык кеңеш оперативдик башкарууга макулдук беришкен. Жумушчу топ алдыңкы 10 күн иштейбиз, ар бир учурду эске алабыз.
"Манас шаарын туризмдин борбору кылабыз" деген ойлорубуз бар. Туризмге багытталган ири долбоорлорубузду ишке ашырууда керек болгон жер тилкелерибизди бүт анализдеп чыгабыз. Өзүбүзгө керек болгон жерлерди өзүбүзгө алып, токой чарбага керектүүсүн аларга өткөрүп бергенибиз туура болот. Токой чарбага өткөргөндөн кийин биз эч кандай жумуш жасай албай калабыз. "Жалал-Абад" курортуна кеткен жол жээгин жакшыртуу боюнча ири долбоор токой чарба менен биргеликте ишке ашат», - деди ал.
Токой чарба жетекчиси Равшан Камбарбековдун айтымында, алар мисте токойду жакшыртуу үчүн кайрылышкан.
«Мисте токой бир. Жарымы токой чарбага, жарымы мэрияга карап, бир тарабы көрктөнүп, бир тарабы көрксүз болуп турса, бул да болбой калат. Бирдей болуп көктөп турганы шаар үчүн да сонун кооздук берет. Токойго мисте көчөттөр эгилет, көрктөнөт», - деди ал.
Маалым болгондой, аталган тилке токой чарбага өткөрүлгөн соң эс алуучулар каалаган жерлерге эс алууга болбойт. Тактап айтканда, эс алуучулар үчүн тартип, эрежелер киргизилип, белгилүү бир аймактарына отурууга уруксат берилет.
Буга чейин аталган маселе шаардык кеңештин сессиясында каралып, 214 гектар мисте токой аянтын оперативдик башкарууга макулдук беришкен. Бирок аянтты өзгөртүү үчүн маселе кайрадан сессияга алынып кирет. Ал жерге «Курманбек» фольклордук талаа, «Манас» стелласы сыяктуу жерлер да кирип калган.
- «Жалал-Абад» курортунун аймагындагы мисте токойдун 176 гектары Кара-Алма-Үрүмбаш токой чарбасына, 214 гектары Манас мэриясынын муниципалдык менчигине карап келген. Эми мисте токой бир токой чарбанын карамагында болот.