Turmush — Кечээ, 21-апрелде Талас облусунун Айтматов районундагы «Семетей» кинотеатрынын имаратында дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чаранын алкагында Бишкек шаарында өткөн грек-рим жана эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында 30дан ашуун мамлекеттин ичинен байгелүү 3-орунду ээлеген спортчулар — Нурзат Нуртаева жана Жакшылык Байташов сыйланды. Спортчуларга Айтматов райондук мамлекеттик администрациясы, облустук спорт башкармалыгы, Кара-Буура айыл өкмөтү жана облустук грек-рим жана эркин күрөш федерациясы тарабынан сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле Кызыл-Адыр айылынын жаштары Жакшылык Байташовго аргымак мингизишсе, Чоң Кара-Буура айылынын тургундары Нурзат Нуртаевага белек ыйгарышты.
Мындан тышкары салтанаттуу иш-чарада спорт тармагына салым кошуп келе жаткан райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин эркин күрөш боюнча машыктыруучулары жана орто мектептердин алдыңкы дене тарбия мугалимдери ардак грамота жана ыраазычылык кат менен сыйланды.