Turmush — Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында таш басып жаткан 27 гектар аянтка алма жана өрүктүн көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Кара-Бүргөн айылынын айыл башчысы Кудайберген Руслановдун айтымында, эл аралык уюмдун колдоосу менен айылдын түндүк тарабындагы Ак-Сарай чөлкөмүндө таш басып жаткан ээн талаага, жалпы 13 миң түп алма, өрүк жана теректин көчөттөрү отургузулду. Мунун ичинен 8600 түп кара өрүк, алманын көчөтү жана 4400 теректин көчөтү отургузулду.
«Ак-Сарай чөлкөмүндө таштак, суу жетпеген, чөл болуп жаткан талаа бар эле. Ошонун 27 гектар жерине жалпы элдин күчү менен 13 миң түп көчөт отургузулду. Ал эми айыл өкмөт тарабынан арыктарды салуу, суу тартып келүү иштери колго алынды. Жалпы элдин күчү менен 27 гектар аянттын айланасы толугу менен тосмолонду», - деди ал.