Turmush — Жалал-Абад облусунун Манас шаарында эми улгайган жарандар фитнес борбордо ден соолугуна кам көрөт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык буйрутмасы менен ачылган бул жай шаардык мэриянын имаратынын жер төлөөсүндө ишин баштады. Долбоорду ишке ашырган «Аймира» коомдук бирикмесинин жетекчиси Нүргүл Жолоева борбордо 70 жаштан жогорку жарандар акысыз машыгарын айтат.
«Биздин бүгүнкү коомдо жашы улгайгандар адатта үйдө небере багып же бир айда бир туугандар менен шеринеге гана барбаса, башка учурда үйүнөн чыкпайт. Мындан улам биз улуу муундагы ата-апалардын башын бириктирип, баарлашуучу жай түптөөнү ойлонуп жүргөнбүз. Мындан улам улуу муундагылар үчүн фитнес борбор түптөдүк. Мында апалар, аталар өз саламаттыгына кам көрүшөт. Имарат издеп шаардык мэрияга кайрылганыбызда, алар мэриянын жер төлөсүнөн жай бөлүп беришти», - дейт Жолоева.
Буга чейин Тогуз-Тородо аялдар үчүн машыгуу залы ачылган болчу.