Turmush — Ош шаарында алдамчылыкка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жарандарды түрдүү жолдор менен алдап, алардын акча каражаттарына ээ болуп, кайтарбай жүргөн 1998-жылы Өзгөн районунда туулган С. уулу Н. аттуу жаран кармалды.
«Ал жарандардын ишенимине кирип, аларга өзүн ири инвестор катары тааныштырып, он күнгө гана ири суммадагы акча сураган. Бирок ошол убакыт келген учурда акчаны кайтарбай койгон.
Тергөө кызматынын маалыматына караганда, шектүү 2026-жылдын 26-февраль күнү Ош шаарынын тургунунан адегенде 600 миң сом акча алган. Бирок ал акчаны кайтарбай туруп, кайрадан ишеничине кирип, 28-февраль күнү дагы 1 млн сом акча каражатын алган.
Шектүү С.уулу Н. кылмыштуу жолун улантып, 2026-жылдын 9-март күнү башка аялдын ишеничине кирип, андан дагы 10 күндүн ичинде кайтарып берүүну убадалап, электрондук капчыгына адегенде 395 миң сом, 13-март күнү 400 миң сом, кийинчерээк дагы 200 миң сом акча котортуп алып, кайтарбай койгон. Жалпысынан жабырлануучу аял кишини 995 миң сом чыгымга учураткан», - деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүү Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгү (алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда.
Аталган шектүүдөн жабыркагандар Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнө кайрылса болот.