Turmush — Таш-Көмүр шаарында кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Шаардык мэриянын маалыматына караганда, Асанбай уулу Мирбек мэрдин орун басары болуп дайындалды.
Ал эми Жусубалиев Бакытбек Мырзаканович Муниципалдык менчик департаментинин башчысы, Кунасов Улукбек Мамытбекович Мамлекеттик салык кызматынын Таш-Көмүр шаары боюнча башкармалыгынын башчысы болду.
Мирбек Асанбай уулу 1989-жылы 14-ноябрда Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. Жогорку билимдүү, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
- 2013-жылы Жаштар министрлигинин Кочкор райондук бөлүмүндө иш кагаздар менен иштөө адиси;
- 2014–2018-жылдары — «Кочкор жаштар кеңеши» коомдук бирикмесинин төрагасы;
- 2014–2015-жылдары — GIZ уюмунун «Жаштар үчүн жаркын келечек» долбоорунун Кочкор району боюнча координатору;
- 2014–2017-жылдары — аймактык кабарчы;
- 2018–2020-жылдары — «Пирамида рост» мекемесинин директору;
- 2021–2022-жылдары — Эл аралык медицина жана илим университетинде проректор;
- 2024-жылдын 31-декабрынан тартып Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы болуп иштеп келген.