Turmush — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда мал эмдөө иши жүрүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына Жети-Өгүз райондук ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют башкармалынын башчысы Элнурбек Исаев билдирди.
2025-жылга карата:
- шарп ылаңына каршы 36 600 доза;
- кутурмага каршы 9 000 доза;
- сибирь жарасына каршы 16 000 доза;
- кыргын ылаңына каршы 117 000 доза бөлүнгөн.
2026-жылга карата:
- «Азинокс» таблеткасы 22 000 даана;
- күл ылаңына каршы 50 000 доза;
- канаттуулар үчүн «Туберкулин» 300 доза;
- кой-эчкилердин бруцеллезуна каршы (Rev-1) Рев-1 вакцинасы 75 000 доза;
- ири мүйүздүү мал үчүн Brucella abortus 19 (S19) вакцинасынан 15 000 доза берилген.
Элнурбек Исаевдин айтымында, бул каражаттар белгиленген тартипке ылайык жеке ветеринардык адистерге таратылып, пландын негизинде иштер жүргүзүлүүдө.
«Жыл башынан бери 2 612 баш уйдан кан алынып, 126 баш уйдун сүтү «кольцевая реакция» ыкмасы менен бруцеллез ылаңына текшерилди. Оң жыйынтык берген малдар боюнча алардын ээлерине ветеринардык көрсөтмөлөр берилди. Оорулуу малдарды Каракол шаарындагы атайын мал союучу жайда жок кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», - деди ал.
Эмдөө иштеринин алкагында:
- шарп ылаңына каршы 35 988 баш;
- кара сан ылаңына каршы 10 050 баш ири мүйүздүү эмделди;
- Brucella abortus 19 (S19) вакцинасы менен 5 000 баш мал камтылды;
- эктопаразитардык ооруларга каршы 51 миң 38 баш ири мүйүздүү мал дегельминтизациядан өткөрүлдү;
- 3 400 баш ит-мышыкка «Азинокс» таблеткалары таратылды;
- кой-эчкилер арасында хламидиоз жана эпидермит ооруларына каршы 188 баш текшерилип, күл жана кыргын ылаңдарына каршы 31 654 баш эмделип, 100% көрсөткүч камсыздалды;
- жылкылар боюнча 189 баш кээнги ылаңына каршы текшерилип, 197 баш жылкыдан кан алынып, бруцеллезго изилденди.