Turmush — Ош облусунун Кара-Суу районунда өч алуу максатында имарат өрттөгөнгө шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 23-мартында саат 03:40 чамасында Кара-Суу РИИБге Мады айылында жайгашкан бильярд клуб өрттөнгөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалымат Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин (башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада окуяга шектүү катары 2006-жылы туулган Н кызы А., жана 2007-жылы туулган А.А. кармалып, райондук сот тарабынан камакка алынган.
Алдын ала тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүлөр сүйлөшүп алып, жеке таарынычтарынан улам өч алуу максатында Мады айылында жайгашкан бильярд клубду бензин чачып өрттөп, андан соң окуя болгон жерден качып кетишкендиги маалым болгон. Анын кесепетинен бильярд клубунун ээсине ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилгени аныкталган.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
Turmush 2026-жылдын 23-мартында Кара-Суу районундагы бильярд ойноочу жайдан өрт чыкканын жазган.
ӨКМдин маалыматы боюнча, өрттү өчүрүүгө саат 04:25те 3 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 05:52де чектөөгө алынып, 08:57де толук өчүрүлгөн. Жабыркагандар катталган жок.
Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн аянты болжол менен 391 чарчы метрди түздү.