Turmush — Каракол шаарындагы Гебзе жана Алдашев көчөлөрүнүн кесилишине жол чырак орнотулуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Жол чарба ишканасынын жетекчиси Закир Тонкуевдин айтымында, аталган кесилиште жол кырсыктары байма-бай катталгандыктан, жол чыракты орнотуу иштери ишкана тарабынан жүргүзүлүүдө.
«Учурда ишканада бар тетиктердин жардамы менен орнотуу иштери башталды. Ал эми жабдууларды, компьютерди жана линзаларды сатып алуу үчүн тендер жарыяланды. Алар келип калса, жол чырак кийинки жумада ишке берилет», — деди ал.
Turmush басылмасы бул кесилиште акыркы жолу жол кырсыгы катталганын 17-апрелде жазган.