Turmush — Бүгүн, 20-апрель күнү президенттин Талас облусунун жетекчилигиг Талас шаарындагы жол куруу иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышып чыкты.
Маалым болгондой, жалпы 40 км жолго асфальт төшөө иштери жүрүп, анын алкагында 12 көчөдө курулуш жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө бул иштерге 5 подряддык компания тартылып, белгиленген график боюнча иш алып барышууда.
Адистердин маалыматына караганда, учурдагы темп сакталса, бардык иштер 1,5 ай ичинде толук бүткөрүлөт.