Turmush — Кечээ, 19-апрелде Чүй облусунун Сокулук районундагы «Айдоо фест-2026» республикалык агрофестивалында 29 жаштагы фермер Темирлан Жумакадыровдун «Шарпей» линиясындагы кочкору 3-орунду багындырды.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чара Кожомкул айылында өттү. Анда кой кыркуу, асыл тукум койлордун көргөзмөсү, жер айдоо жана башкалар боюнча сынактар уюштурулду.
Асыл тукум койлордун салмагы, бою жана көрүнүшү боюнча сынакка катышкандардын бири Чүй облусунун Панфилов районундагы фермер Темирлан Жумакадыров болду.
«Панфилов районуна караштуу Орто-Арык айылынын 29 жаштагы тургунумун. Али бойдокмун, буюрса жакында үйлөнүү оюмда бар. 4 бир туугандын кенжесимин. Атам көп жылдан бери фермерлик менен алектенет. Мен да атамдын жолун улап, фермер болдум. Сынакка салмагы 188 килограмм, бою 1 метр 6 сантиметр жана көрүнүшү өзгөчө арашан тукумундагы кочкорду алып бардым. Ал атам баккан "Шарпей" линиясынан. Калыстар тобу "Экстерьер" [тышкы көрүнүш] номинациясы боюнча 3-орунду ыйгарды жана тооктун 500 жөжөсүнө сертификат тапшырды», - деди фермер.
Ал эми райондук мамлекеттик администрациянын маалыматына караганда, агрофестивалга райондон көптөгөн фермерлер катышып, аларга ардак грамоталар тапшырылды.
Turmush Сокулук районунда «Айдоо фест» республикалык агрофестивалында асыл тукум койлордун көргөзмөсү өтүп, жеңүүчү аныкталганын жазган.
Асыл тукум койлордун көргөзмөсүндө 32 жаштагы фермер Мелис Карымшаковдун кочкору баш байгени багындырды. Салмагы 214 килограмм болгон арашан кочкордун ээси Мелис Карымшаков кубок жана акчалай сыйлык менен сыйланды.
«Бишкектин Мыкан айылынын тургунумун. Көп жылдан бери фермерлик менен алектенем. Фестивалга уулдарым жана келинчегим да келди. 3 уулдун атасымын. Бул арашан кочкор 4 жашта. 5 жылдан бери багып келем. Анын салмагы 214 килограмм, бою 1 метр 3 сантиметр. Сынакта салмагы боюнча баш байгени багындырып, кубок жана акчалай сыйлык менен сыйландым», - деди фермер.
-------------------------------------------------------------
2021-жылдын апрель айында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги эт жана май багытындагы Арашан аттуу жаңы кой породасын каттаган.
Маалым болгондой, бул порода 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган. Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн.
Арашан породасындагы койлорду бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоюшат. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт.
Республика боюнча Арашан породасындагы койлордун жалпы саны 5800 баштан ашат. Козуларынын болжолдуу баалары 1000 доллар, ал эми койлору 5000 доллардан жогору.