Turmush — Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл аймагында көрктөндүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу айыл аймактын башчысы Абай Калыков билдирди.
Анын айтымында, «Жашыл мурас» улуттук демилгесинин алкагында айылдын кире беришине жалпысынан 200 даана туя көчөтү тигилди. Иш-чара ишембилик форматында өтүп, ага Барскоон айылындагы бир катар мекемелердин кызматкерлери катышты. Э.Кендирбаев атындагы орто мектептин жана К.Чылабаев атындагы орто мектептин жамааттары, Барскоон жана Орумбаев атындагы балдар бакчалары, №55 кесиптик лицейдин окуучулары менен кызматкерлери, ошондой эле айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү жана жергиликтүү кеңештин депутаттары келишти.