Turmush — Жети-Өгүз районун «Жети-Өгүз» курортунда унаа менен бейбаштык кылган адам бүгүн, 18-апрелде табылып, айыпка жыгылды.
Жол сакчыларынын маалыматына караганда, Жети-Өгүз районун 21 жаштагы тургуну 6-апрелде автобейбаштык кылган. Ал социалдык тармактарда тараган видеонун негизинде кармалып, ал «Volkswagen Passat» үлгүсүндөгү унаасы менен ээнбаштык жасаганы аныкталды.
Аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча административдик протокол түзүлүп, айдоочуга 15 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Унаа убактылуу айып короого токтотулду.