Turmush — Алай районунун Гүлчө шаарына Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу көп кабаттуу үйлөр курулат. Бул тууралуу Гүлчө шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Алай районунун акими Адыл Сапаров, Гүлчө шаарынын мэри Нурсултан Тажибаев жана жергиликтүү тургундар көп кабаттуу үйлөр курула турган аймак менен таанышты.
«Кыргызстан тоолуу аймак болгону үчүн жерлер тартыш. Ошол үчүн биз бийикке карай көп кабаттуу үйлөрдү салышыбыз керек жана кезекте турган жарандарды үйлүү кылышыбыз керек«», - деди Каныбек Туманбаев.
Алдын ала долбоор боюнча 9 кабаттуу үйлөрдү салуу, жалпы 12 блок кылуу пландалып жатат.