Turmush — Баткенде 35 кВ «Кызыл-Кыя-2–Үч-Коргон» аба чубалгысы реконструкцияланууда. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасы кабарлады.
Маалыматка караганда, 1964-жылдан бери пайдаланылып келген, бүгүнкү күндө техникалык жактан эскирген 35 кВ «Кызыл-Кыя-2–Үч-Коргон» аба чубалгысын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Узак жылдар бою эксплуатацияда болгондуктан аба чубалгынын айрым тилкелери физикалык жактан эскирип, өткөрүү жөндөмдүүлүгү төмөндөгөн. Акыркы жылдары керектөөчүлөрдүн санынын өсүшүнө байланыштуу электр энергиясына болгон жүктөм да көбөйүп, аба чубалгыны модернизациялоо зарылдыгы жаралган.
Учурда №11–45 таянычтар аралыгында 6,2 км эскирген АС 70/11 үлгүсүндөгү өткөргүчтөр заманбап, жогорку өткөрүмдүүлүккө жана ишенимдүүлүккө ээ АС-120/19 өткөргүчтөрүнө этап-этабы менен алмаштырылууда. Бул чара электр энергиясын жоготууларды азайтып, линиянын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Долбоордун алкагында:
- АС-70 өткөргүчү АС-120/19 өткөргүчүнө алмаштырылат
- Эскирген жабдуулар жаңыланат
- Иштер бардык техникалык талаптарга ылайык аткарылат
Жүргүзүлүп жаткан иштер электр тармагынын техникалык абалын жакшыртып, анын ишенимдүүлүгүн арттырууга, ошондой эле керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзөт.