Turmush — Бүгүн, 17-апрелде Манас шаарынын «Азаттык» аянтында облустук жана шаардык жарандык коргонуу кызматтарынын өзгөчө кырдаалдарга карата даярдыгы текшерилди.
Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уларбек Исмаилов, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, ошондой эле облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Чынарбек Шекенов катышты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө облустагы жана шаардагы мекеме-ишканалардын жамааттарынын даярдыгы каралып, кемчиликтер негизинен атайын формалардын жана техникалык шаймандардын жетишсиздигине, айрым учурларда талапка жооп бербеген абалына байланыштуу экени белгиленди. Бул багытта жооптуу кызматкерлерге тиешелүү жумуштарды жакшыртуу боюнча тапшырмалар берилди.