Turmush — Бужум–Баткен–Кызыл-Бел жолуна асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, жалпысынан 5 чакырым жолго асфальт басуу каралып, 2026-жылдын титулдук тизменин негизинде каржылоого алынган. Курулуш иштерин «Кыргызавтожол-Түштүк» мамлекеттик ишканасынын №2 жол эксплуатациялоо ишканасы жүргүзүүдө. Учурда жолдун эски асфальт катмары сыйрылып, даярдоо иштери менен бирге жол боюнда мыйзамсыз курулган курулуштар алынууда.