Turmush — 2026-жылдын 13–15-апрель күндөрү Ош технологиялык университетинин Экономика жана башкаруу институтунун Бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын профессору, экономика илимдеринин доктору Абдиев Мурат Журатович Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында өткөн «Туруктуу өнүгүү үчүн кызматташтык: Green. Digital. Smart» аттуу эл аралык форумга катышты.
Аталган форум Эл аралык туризм жана ишкердүүлүк университети тарабынан уюштурулуп, туруктуу өнүгүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо, алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу жана жаңы биргелешкен демилгелерди өнүктүрүү максатын көздөдү. Иш-чара ошондой эле университеттер аралык академиялык жана бизнес өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган маанилүү эл аралык платформа болду.
Форумдун алкагында пленардык жыйындар, жогорку окуу жайлардын ректорлорунун саммити, эл аралык илимий-практикалык конференциялар, тематикалык секциялар, бизнес форумдар, илимий жана инновациялык долбоорлордун көргөзмөлөрү, ошондой эле маданий жана экологиялык иш-чаралар өткөрүлдү.
Иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Германия, Кытай, Корея, Филиппин, Малайзия, Индонезия, Индия, Пакистан, Польша, Россия, Бангладеш, Англия жана Иран мамлекеттеринен келген өкүлдөр катышып, туруктуу өнүгүүгө байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулашты жана аларды чечүүнүн жолдорун сунушташты.
Форумдун жыйынтыгында Ош технологиялык университети менен Өзбекстандын 5 жогорку окуу жайынын ортосунда кызматташуу боюнча келишимдер түзүлүп, билим берүү, илимий изилдөө жана академиялык мобилдүүлүк багытында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө негиз түзүлдү.