Turmush — Бүгүн, 17-апрелде Москва районуна караштуу Нарзан айыл аймагында зордук-зомбулукка каршы «Достук» футболу уюштурулду. Бул тууралуу райондук прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, мелдеш прокуратура тарабынан демилгеленип, Нарзан айыл өкмөтү жана билим берүү бөлүмү менен биргеликте өтүлгөн.
«Ага 6-7-класстардын кыздар жана балдары катышты. Анын максаты жаш муундар арасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, сергек жашоо образын калыптандыруу, зордук-зомбулуктун алдын алуу жана балдардын ортосунда достук мамилени чыңдоо болуп саналат», - деп айтылат маалыматта.