Turmush — Энергетика тармагында алдыдагы 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери башталды.
Маалым болгондой, Энергетика министрлиги энергетикалык компанияларга бир катар тапшырмаларды койгон. Негизги максат калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн, оңдоп-түзөө иштерин сапаттуу ишке ашыруу болуп саналат. Мунун алкагында электр энергиясынын сапатын жакшыртуу жана техникалык жоготууларды кыскартуу боюнча иштер ырааттуу улантылууда. Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан 2026-жылга карата жалпы 1754 даана темир-бетон мамыларды орнотуу пландалган.
Азыркы учурда ишкананын бардык райондук электр тармактарында эски жыгач мамыларды темир-бетон мамыларга алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө 636 даанасы орнотулуп, пландалган иштер этап-этабы менен ийгиликтүү аткарылууда.
Тактап айтканда:
• Сүлүктү РЭТ – 248 даана
• Лейлек РЭТ – 43 даана
• Баткен РЭТ –20 даана
• Кадамжай РЭТ – 187 даана
• Кызыл-Кыя РЭТ – 100 даана темир-бетон мамылары орнотулду.
Бул темир бетондор орнотулуп бүткөндөн киийн мунун аркасында бир канча иштер аткарылат. Тактап айтканда, эскирген электр зымдары этап-этабы менен реконструкцияланып, орнотулуп жаткан темир-бетон мамыларга 108км СИП-3 кабелдер жана 3480 даана изоляторлор орнотулат. Натыйжада электр энергиясын жеткирүүнүн сапаты жакшыртылып, авариялык өчүрүүлөрдүн саны кыскарып, керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Эгерде сизде электр энергиясына байланыштуу суроолор болсо, күнү-түнү иштөөчү колл-борборго кайрылыңыздар:
Колл-борбору : 105
0221 33-36-02- Баткен РЭТ
0772 46-04-01- Сүлүктү РЭТ
0221 55-54-78 -Лейлек РЭТ
0221 55-54-68 -Кадамжай РЭТ
0773 94-07-07- Кызыл-Кыя РЭТ.