Turmush — Москва районунда жол жээгинде мыйзамсыз күйүүчү май саткан адамга 38 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.
Белгилүү болгондой, учурда жол тескөөчүлөр Салык кызматы менен биргеликте унаа жол жээгинде мыйзамсыз күйүүчү май саткандарды аныктоо боюнча рейд өткөрүп жатат.
«Мыйзамсыз жагдайларга бөгөт кою максатында байма-бай рейд жүргүзүлүп келет. Бул ирет райондук Салык кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн рейдде күйүүчү майды желип бөтөлкөлөргө куюп, унаасына жүктөп, жол жээгинде 250 литр күйүүчү сатып жаткан жаран аныкталды. Ага протокол түзүлүп, 3 миң сом айып пул салынды жана анын унаасы айып короого киргизилди. Мындан ары да үзгүлтүксүз көзөмөл күчөтүлүп, мыйзам бузгандарга административдик чаралар көрүлөт», - деп айтылат маалыматта.
Ал эми райондук Салык кызматы рейд учурунда мыйзамсыз аракеттери үчүн Ш.И. аттуу жаранга 35 миң сом айып пул салынып, 250 литр күйүүчү май конфискацияланганын кошумчалады.