Turmush — Чүй облусунун Жайыл районунун Новониколаевка айылында эки күн бою жергиликтүү тургундар, депутаттар жана бийлик өкүлдөрү катышкан жыйындар өттү.
Алардын чогулушуна айылдын четиндеги темир жолго жана мусулман көрүстөнүнө жакын жер тилкесине жумушчулардын белги коюп баштаганы себеп болду.
Жергиликтүү тургундар 15-апрелде эртең менен белгисиз адамдар, болжол менен чет элдик адистер акиташ менен белгилерди коюп жатканын байкашкан. Бул алдын ала курулуш пландары тууралуу жашоочуларга эч кандай маалымат берилбегендиктен тынчсызданууну жаратты.
Тургундар жергиликтүү кеңештин депутаттарына бул жерге эмне курула турганын сурап кайрылышкан. Алардын айтымында, депутаттар да маалыматка ээ эмес. Натыйжада Ак-Башат айыл өкмөтү жана райондук администрациянын өкүлдөрү катышкан жолугушууларды уюштуруу чечими кабыл алынган. Эки күн бою кырдаалды талкуулоо жыйындар форматында өттү. Буга карабастан, келечектеги объекттин максаты жөнүндө тургундар так жооп ала алышкан жок.
Расмий эмес маалымат боюнча, аталган жерде инвестициялык долбоорлордун бири ишке ашырылышы мүмкүн — күнөскана комплексин куруу же күн батареяларын орнотуу варианттары каралууда. Азырынча долбоордук иштер гана жүрүп жатат.
Бул кырдаал калк арасында, анын ичинде жакын жерде жайгашкан «Джунда» мунай иштетүүчү заводунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу буга чейин көтөрүлгөн экологиялык маселелердин улам кооптонууну жаратууда. Тургундар айылдагы экология темасы буга чейин бир нече жолу талкууланганын жана ар кандай жаңы долбоорлор этияттык менен кабыл алынарын белгилешет.
Жер тилкесинин статусу да кошумча суроолорду жаратууда. Жергиликтүү тургундардын айтымында, аймак сугат айдоо категориясына кирет. Мындан тышкары, жакын жерде көрүстөн жайгашкан, ал эми аймак өзү мал жаюу үчүн колдонулат. Бүгүнкү күндө тургундар долбоор, анын экологиялык кесепеттери жана укуктук негиздери тууралуу расмий түшүндүрмө алуу үчүн Жайыл районунун акиминин жана инвесторлордун өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңейтилген жолугушуу өткөрүү демилгеси менен чыгышууда.