Turmush — Лейлек районунда Кыргызстан менен Тажикстандын билим берүү тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган иш-чара өттү.
Маалым болгондой, ага Тажикстандын Ж.Расулов районунан акимдин орун басары Муталипзода Зумрат баштаган мектеп директорлору, мугалимдер, ата-энелер жана ашпозчулардан турган делегация катышты. Алар тажрыйба алмашуу максатында Лейлек районундагы бир катар мектептерде болушту.
Лейлек районуну акиминин орун басары Улукбек Жеемуратовдун айтымында, келген делегация мектептердеги санариптештирүү иштерине өзгөчө кызыгуу менен карап таң калышты.
«Иш-чаранын алкагында алгач Андарак айылындагы Илим жалпы билим берүү мектебинде жолугушуу өтүп, андан соң Раззаков шаарындагы К.Казыев атындагы мектепте улантылды. Жолугушуунун негизги максаты окуучулардын тамактануусун уюштуруу боюнча тажрыйба алмашуу болду.
Ошондой эле окуучулардын сапаттуу тамактануусунун алардын ден соолугуна жана билим сапатына тийгизген таасири талкууланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө К.Казыев атындагы мектепте мугалимдер үчүн семинар уюштурулуп, практикалык тажрыйбалар көрсөтүлдү.
Делегация мүчөлөрү мектептердеги электрондук журнал жана башка санариптешүүлөр менен таанышып, чындап таң калышты. Аларда азыр деле мурдагыдай мектептерде окуу жана башка процесстер кагаз түрүндө гана жүргүзүлөт экен», - деди ал.