Turmush — Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда айымдар үчүн акысыз машыгуу залы ачылды.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, машыгуу залы Кара-Суу айылында жайгашкан. Район жетекчилиги жаңы ачылган машыгуу залын жеринен көрдү.
Машыгуу залынын сметалык баасы 313 миң сомду түзөт. Ал үчүн Каргалык айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражаты бөлүнүп берилген. Машыгуу залы аймактагы айымдардын ден соолугуна кам көрүү максатында ачылды.