Turmush — Талас районунун Көк-Ой айылынын Манас көчөсүндөгү жол курулушу боюнча аткарылып жаткан иштер текшерилди.
Маалым болгондой, жеринде кароо максатында райондук комиссия тарабынан мониторинг жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш иштерин жүргүзүп жаткан подряддык мекемелердин аткарган иштери каралып, алардын сапаты жана белгиленген талаптарга ылайыктуулугу бааланды. Аталган жолдун жалпы узундугу 9 чакырымды түзөт. Аким Байыш Астанакулов тарабынан тиешелүү райондук мекемелерге жана Кең-Кол айыл өкмөтүнүн башчысы Тилек Сакеевге жол курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүү боюнча тапшырмалар берилди.