Turmush — Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айыл аймагында «Сары кыздын гүлү» фестивалы өтүүдө. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Бактыяр Ургазиев билдирди.
«Биздин айыл аймакта быйыл экинчи ирет “Сары кыздын гүлү” деп аталган фестиваль өтүүдө. Өткөн жылы өрүк гүлүн даңазалап алганбыз, быйыл туристтердин келиши да арбын. Биздин айыл аймакта гектарлаган аянтта өрүк өстүрүлөт, жыл санап өрүк бактары да кеңейтилүүдө», — дейт айыл өкмөт башчысы.
Анда жергиликтүү тургун Марат Орозалиев боз үйдү атайын жабдыктар менен көлдүн үстүндө калкый тургандай кылып жасаган. Фестивалдын катышуучулары жана коноктору үчүн бул өзгөчө көрүнүш болгон.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Райондо туризм тармагы жылдан жылга жакшырып, тийиштүү шарттар түзүлүп жатканын белгиленди. Бул сыяктуу 3 туруктуу фестиваль ар дайым өткөрүлүп турат.