Turmush — 8-9-апрель күндөрү Панфилов районунун Чалдыбар айылында Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча ачык биринчилик өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеште 120 жаш балбан күч сынашты. Жайыл районунан Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери Бекзат Алмаз уулу жана Жаркынбек Асылбек уулунун жетекчилиги алдында Ставрополовка айылынан 7 спортчу катышты.
Жайылдык спортчулар төмөнкү натыйжаларды көрсөтүштү:
- 22 кг салмак категориясында 1-орун — Ясинь Каныбеков;
- 30 кг салмак категориясында 3-орун — Умар Азимканов;
- 40 кг салмак категориясында 3-орун — Ислам Жэналиев;
- 41 кг салмак категориясында 3-орун — Билал Тажимаматов;
- 48 кг салмак категориясында 1-орун — Ханзат Аралбеков.
Жеңүүчүлөр жана байгелүү орун ээлегендер медалдар жана дипломдор менен сыйланышты. Ошондой эле, ар бир салмак категориясындагы чемпион болгондор чемпиондук кур менен менен сыйланышты.