Turmush — Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда автоээнбаштык жасаган айдоочулар табылып, айып пул салынды.
Окуя Григорьев капчыгайында болгон. Автоээнбаштык жасаган айдоочулар Бишкек шаарынын тургундары.
Ысык-Көл районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан социалдык тармактарда тараган видео материалдын негизинде «Hyundai Avante» жана «Kia K3 » үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочулары тарабынан автоээнбаштык жасалганы аныкталды.
Аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча административдик протокол түзүлүп, айдоочуга 45000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле унаа убактылуу айып короого токтотулду.