Turmush —
Чүй районунда 1 жыл ичинде алдамчылык жана кибер кылмыштуулук боюнча 56 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын 12 айында Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматында алдамчылык фактылары боюнча жалпысынан 68 кылмыш иши өндүрүшкө алынган. Анын ичинен 56 кылмыш ишинин бети ачылып, күнөөлүү жактар кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бул көрсөткүч 90,3% түзөт.
Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине ылайык, алдамчылык — бул алдоо же ишенимди кыянаттык менен пайдалануу жолу аркылуу башка бирөөнүн мүлкүн олуттуу эмес өлчөмдө ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуу болуп саналат.
Аталган берененин 2-3-4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөндөй, ошол эле жосун:
• олуттуу өлчөмдө,
• адамдардын тобу тарабынан,
• алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан,
• ири жана өзгөчө ири өлчөмдө,
• уюшкан топ тарабынан,
• кылмыштуу коомдоштуктун курамында,
• кызматтык абалын пайдалануу менен жасалышы мүмкүн.
Бул категориядагы кылмыштардын арасында уюлдук телефон аркылуу алдоо фактылары басымдуулук кылууда. Тактап айтканда, кылмышкерлер өздөрүн банк кызматкери, ар кандай кызмат көрсөтүүчү уюмдардын өкүлү же жакын тууган катары тааныштырып, жалган маалыматтарды айтып, жарандарды алдап, мобилдик тиркемелер аркылуу акча каражаттарын башка эсептерге которууга мажбурлашат.
Ушул жагдайларды эске алуу менен Кылмыш-жаза кодекси 209-1-берене менен толукталган. Ага ылайык: банк кардарлары, виртуалдык активдерди колдонгон жарандар же байланыш операторлорунун абоненттери өздөрүнүн электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык капчыктарын же SIM-карталарын үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу (алар аркылуу мыйзамсыз аракеттерди жасоого шарт түзүү) кылмыш болуп эсептелет.