Turmush — Ош облусунун Араван районунун Дөбө-Коргон айыл аймагындагы 8,5 км унаа жолун асфальттоо иштери башталды. Бул тууралуу Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, Лохочи, Уйгур-Абад, Жаңы-Абад жана Араван жолдорунун 7,5 км бөлүгү, ал эми Тепе-Коргон, Жаңы-Жол жана Охчу жолдорунун 1 км бөлүгү асфальтталат. Аталган жолдор буга чейин да асфальтталган. Бирок эскилиги жетип, жараксыз абалга келгендиктен жашоочулар кыйналып келишкен.
№44 жол тейлөө ишканасы тарабынан жолго асфальт төшөөгө даярдык иштери жүрүп жатат. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Учурда өз алдынча курулган курулуштар жана тосмолор тазаланып, шагыл төгүлүп, лоток коюлуп, жол тегизделүүдө.