Turmush — Манас шаардык кеңешинин депутаттары быйылкы жылы расмий түрдө республикалык маанидеги шаар макамын алуусу күтүлүп жаткан Манас шаары боюнча жагдайга кызыгышты.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, депутаттар мэр Абдупата Маткаликовдон шаардын макамы боюнча сурашты.
Шаар мэри калктын саны жетпей жатканын, бул үчүн мисал катары Сузактын Барпы, Багыш айыл аймактарын шаар аймагына кошсо жетерин айтты.
«Республикалык деңгээлдеги шаар статусун алуу үчүн калктын саны 250 миң болуш керек экен. Бизде калктын саны 184 миңди түзөт. Калаада ипотекалык үйлөр курулуп жатат. Андагы үйлөрдүн жашоочулары да көбөйөт. Шаардын тегерегиндеги аймактарды кошсо болот. Мен эки айыл өкмөттү жөн гана мисалдадым. Кудай буюрса келечекте республикалык деңгээлдеги шаар болот деп ойлойм, бул макамга чыгарышыбыз керек», - деди ал.
2025-жылдын октябрь айында облустук маанидеги Манас шаарынын макамын республикалык маанидеги калаага айландыруу боюнча демилге шаардык кеңештин сессиясында каралып, депутаттар макулдук берген токтом кабыл алышкан. Мурунку мэр Эрнис Ормоков Манас шаары республикалык маанидеги шаарга бардык жактан ылайыктуу экенин айтып келген.
УКМКнын мурунку төрагасы — Министрлер кабинетинин төрагасынын мурунку орун басары Камчыбек Ташиев Манас өлкөдөгү республикалык маанидеги үчүнчү шаар боло турганын билдирген болчу.
- Кыргызстанда Бишкек жана Ош республикалык маанидеги шаар болуп саналат.