Turmush — Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөн–Кызыл-Тоо унаа жолун асфальттоо иштери башталды. Бул тууралуу Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Жээнбаев билдирди.
«Бул жол республикалык бюджеттен каржыланып жатат. Учурда 3 км жол асфальтка даярдалууда. Мурун дагы асфальт болгон. Бирок эскилиги жетип, жамаганга да болбой тамтыгы чыгып, эл жолдон кыйналып келишкен. Учурда №5 жол тейлөө ишканасы тарабынан асфальт басууга даярдалып, эски асфальттар алынып жатат. Жакынкы күндөрдө 3 км жол асфальт болот. Бул жол Кызыл-Тоо айылына баруучу негизги жол болуп эсептелет. Айылда 753 кожолук, 5303 жаран жашап келет», - деди Жээнбаев.