Turmush — Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Дөң-Булак айыл аймагындагы 5 мектепке балдардын коопсуздугу үчүн баннерлер илинди. Бул тууралуу Дөң-Булак айыл өкмөтүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, мектептерге балдардын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында атайын маалыматтык баннерлер илинди.
Бул баннерлер аркылуу окуучуларга маанилүү эскертүүлөр берилди:
- зордук-зомбулукка жол бербөө;
- өз коопсуздугун сактоо;
- кыйын учурда жардам сурай билүү.
Ошондой эле ишеним телефондору көрсөтүлүп, ар бир бала кайсы учурда кимге кайрылаарын билиши үчүн шарт түзүлдү:
-102 — милиция;
-103 — тез жардам;
-111 — балдар ишеним телефону.