Turmush — Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында «Жылдын мыкты тарбиячысы – 2026» сынагы өттү.
Билим берүү бөлүмүнүн маалыматына караганда, сынактын негизги максаты мектепке чейинки билим берүү уюмдарында эмгектенген тарбиячылардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, инновациялык ыкмаларды жайылтуу жана алдыңкы иш тажрыйбаларды аныктоо болуп саналат.
Аталган сынакка шаардагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан тарбиячылар катышып, өздөрүнүн педагогикалык чеберчилигин, чыгармачылыгын жана балдар менен иштөөдөгү заманбап ыкмаларын көрсөтүштү. Сынактын жүрүшүндө катышуучулар ачык сабактарды өтүп, усулдук ишмердүүлүктөрү боюнча презентацияларды сунуштап, педагогика жана психология багытында тест тапшырышты.
Ар бир этапта катышуулар жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүп, балдардын инсандык өнүгүүсүнө багытталган кызыктуу жана натыйжалуу иш ыкмаларды сунуштай алышты.
Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр аныкталды:
- баш байге — Жайчыбаева Бурул Сатылгановна, «Байчечекей» мектепке чейинки билим берүү уюму;
- I орун — Сыдыкова Аида Болотбековна, «Келечек» мектепке чейинки билим берүү уюму, Кошалиева Жамила Эргешовна, «Баластан» мектепке чейинки билим берүү уюму;
- II орун — Сарыгулова Токтобүбү Касымбековна, «Алтын Казык» мектепке чейинки билим берүү уюму;
- III орун — Момункулова Айгүл Бусурманкуловна, «Росинка» мектепке чейинки билим берүү уюму.
Жеңүүчүлөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.