Turmush — Кечээ, 13-апрелде Манас шаардык кеңешинин сессиясы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, жыйында калаа башчысы Абдупата Маткаликов депутаттардын бир катар суроолоруна жооп берди. Алгач «Жалал-Абад» курортуна кетүүчү жолдун жээгиндеги гүл челек орнотулган тосмолор боюнча сөз болду.
«Жол жээгине коюлган темир тосмолорду орнотуу кимдин оюна келгенин билбейм. Кемчонтойдун иши болгон», - мэр.
Шаардык кеңештин депутаты Нуржамал Сыргабаева аны мурунку шаар бийлигинин жумушундагы кемчиликтерди улам кайталай бербөөгө чакырды.
«Улам «мурдагы иштер» деп айтасыз. Эми алдыга жылышыңыз керек. Келечектеги иштерди талкуулайлы. Кемчонтойлукка да теңединиз. Президентибиз менен генерал бир команда деп иштеп келгенбиз. Мындан ары да иштей беребиз. Президенттин иш-аракеттерин бир сөз менен кээде жокко чыгарып коюп жатасыз. Баарыбыз шаардын өнүгүүсү өсүүсү үчүн иштейбиз. 1-апрелден электр энергиясына болгон чектөө алынганына карабастан, бүгүнкү күнгө чейин көпчүлүк көчөлөрдө түнкү жарыктандыруулар толук калыбына келе элек», - деди депутат айым.
Манас шаарынын Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин жетекчиси Талантбек Жамгырчиев түнкү жарыктандыруулар боюнча маселе жөнгө салынаарын айтты.
Шаар башчысы депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, калаадагы айрым жумуштар жакпай жатканын айтты.
«Мына базарды да карагыла. Эртең ал жерде жол тыгыны пайда болот. Ачы, Октябрь, Көк-Арт зооналарынан келгендер кыйналат. Баягы кемчиликтерди көрүп, «просто» аллергия болуп жатам да. Мен ошого эле... », - деди ал.
Нуржамал Сыргабаева ага андай эмоцияларды ичинен катууну сунуштады.
«Эми катып жүрө берсең ичиң жарылып өлөсүң да мындай айткандачы. Итак, бул жакта мисал үчүн мен көп инвесторларды көрүп түтөп-түтөп кеттим», - деди мэр.