Turmush — Ош технологиялык университетинде 12-апрель — Авиация жана космонавтика күнүнө карата «Уңгу жолдон — космоско» аталышындагы иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин космос мейкиндигин изилдөө тармагындагы илимий түшүнүгүн тереңдетүү, авиация жана космонавтика боюнча билим деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле заманбап космостук технологиялардын өнүгүү тенденциялары менен тааныштыруу.
Аталган иш-чара гуманитардык-технологиялык колледждин Так илимдер предметтик-циклдик бирикмеси тарабынан уюштурулуп, ага окуу жай жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер активдүү катышышты.
Иш-чараны мамлекеттик тил боюнча проректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Ашим Зулпуев ачып берип, космос тармагындагы илимдин маанисине токтолуп, жаштарды илимге кызыктыруунун зарылдыгын белгиледи.
Иш-чаранын алкагында сахналык көрүнүштөр, ыр-бийлер аткарылып, студенттер өз чыгармачылыгын тартуулашты. Жыйынтыгында мындай иш-чаралар студенттердин изилдөөчүлүк көндүмдөрүн калыптандырууга жана илимге болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзөрү белгиленди.