Turmush — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мектептин жанынан 10 жаштагы окуучуну унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасына күбөлөр билдирди.
Алардын айтымында, кырсык бүгүн, 14-апрелде саат 12:05 чамаларда Удилов көчөсүндө болгон. Жеңил унаа 10 жаштагы баланы сүзүп кетип, ал каза тапты.
Каза болгон окуучу — 2016-жылы туулган бала аталган көчөдө жайгашкан №5 мектепте 3-класста окуп жаткан. Окуя ал жөө адамдар өтүчү өтмөктөн мектепти көздөй өтүп бара жатканда болгон.
Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан окуучу ооруканага жеткирилгенге чейин эле каза болуп калганын билдиришти.
Ал эми Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү учурда жеринде иш алынып барылып жатканын билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, окуучуну «Mazda Tribute» үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен.