Turmush — Баткен районундагы «Айгүл-Таш» ботаникалык коругундагы сейрек кездешүүчү айгүл гүлүн мындан ары көбөйтүү максатында 2026-жылдын 1-мартынан тартып 2030-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөткө калкты кабыл алууга убактылуу тыюу салынды. Бул боюнча акимчиликтен кабарлашты.
Маалыматка караганда, кабыл алынган чектөө мезгилинде «Айгүл-Таш» өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагын күчөтүлгөн тартипте коргоого алуу менен жаңыдан себилген айгүл гүлүн өсүүсүнө кам көрүү жагы Баткен райондук токой чарбасынын жетекчилигине тапшырылган.
Учурда айгүлдөр тегиз ачылып турган мезгил. Узун жалбырактуу, кызгылт сары түстөгү коңгуроо сымал желекчелери бар гүлдүн бийиктиги 1 метрге жетет.
Гүлдүн өзгөчөлүгү - жалаң тоонун тескей тарабында өскөндүгү. Гүл дүйнөдө сейрек кездешкендиктен, Кызыл китепке кирген.
Айгүл пияз түп байлагандан 7 жыл өткөн соң, биринчи гүлүн көрсөтөт. Жыл өткөн сайын ага бирден желекче кошулуп турат. Көрөр замат эле жашын билсе болот.
Буга чейин март айында Баткен токой чарбасы «Айгүл-Таш» ботаникалык коругу дагы 1 жылга ачылбай турганын билдирген. Анда Баткен районунун акими Данир Иманалиевдин токтомунун негизинде аталган корукта 2027-жылдын 1-мартына чейин калкты кабыл алууга тыюу салынганы айтылган.
- Буга чейин «Айгүл-Тоо» ботаникалык коругуна мораторий жарыяланып, 2023-жылдын 1-апрелинен 2026-жылдын 1-апрелине чейин кирүүгө тыюу салынган.
Баткен райондук токой чарбасынын башчысы Байсалбек Аширкулов бул аралыкта корук күчөтүлгөн тартипте корголуп, зыяратчылар үчүн шарттар жакшыртыларын билдирген. Баткен шаарынан аталган корукка баруучу жол да оңдолуп, коруктагы отургучтар оңдолот. Ошондой эле оңдоп-түздөө үчүн долбоорлор иштелүүдө. Бул тоодо айгүл гүлү тоодо март айынын аягында гүлдөп, апрел айынын аягына чейин гүлдөп турат.
Айгүл гүлүнүн илимий аталышы — Эдуард чаар гүлү. Эртең менен гүлдүн ичинен чоң шүүдүрүм тамчыларын байкоого болот. Айгүл гүлү жөнүндө жергиликтүү эл арасында сүйүүсүнө жетпей калган эки жаштын көз жашы тууралуу уламыш айтылат. Бул гүл Баткендин аймагынан башка Иран, Ирак, Гималайда, Түркиянын түштүк-чыгышында, Афганистанда өсөт.
Айгүл-Тоо Баткен облусундагы Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булак айылында жайгашкан. Жалпы аянты 253 гектар. Өкмөттүн 2009-жылдагы № 628 токтому менен Айгүл-Таш тоосу ботаникалык коргоо аймагы болуп түзүлгөн. Айгүл гүлүн коргоо максатында СССРдин Кызыл китебине 1978-жылы, ал эми Кыргызстандын Кызыл китебине 2004-жылы киргизилген.
Баткен токой чарбасы 2023-жылдын март айында «Айгүл-Таш» өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы 3 жылга жабылганын кабарлаган. Анда жыл сайын апрель айында ачылган айгүл гүлүнө келгендердин саны арбый турганы, бирок быйыл айгүл гүлүн сактап калуу жана көбөйтүү максатында 3 жылга корукту жабуу боюнча мораторий жарыяланганы айтылган.
Сүрөттөр архивден
2022-жылдын апрель айында жергиликтүү айгүл гүлү азайып бара жатканын айтып тынчсызданышкан.
Алардын айтымында, айгүл гүлү гүлдөгөндө аны көрүүгө Кыргызстандын бардык аймактарынын жашоочулары жана туристтер келе баштайт. Айгүл гүлү келген кишинин көзүнө дароо уруна бербейт. Гүлдөрдү тоонун бийик бооруна чыгып барып гана көрүүгө болот. Анткени Кызыл китепке кирген гүл жылдан жылга азайып, тоо этектеринде дээрлик гүлдөбөй калган. 10 жыл мурда айгүл гүлү тоодо жайнап турчу.
Жергиликтүүлөрдүн бири Акбари Сатыгулов гүлдөрдү ушундай кезинде көбөйтүп жана сактап калуу зарыл экендигин айткан. Буга чейин Айгүл гүлдөгөндө тоонун боору килем төшөлгөндөй көрүнчү.
«Мурда алыстан караган кишиге тоого кызыл-сары килем төшөп койгондой көрүнчү. Азыр ал гүлдөр жок. Гүлдү көрүш үчүн тоонун чокусуна чыгыш керек. Жылдан жылга азайып бара жатат. 5-6 жылда жоголуп кетиши мүмкүн. Мурда мал аралап жүргөндө да мындай болчу эмес. Адам аралап, жок кылып жатат. Буга көңүл буруш керек деп эсептейм», - деди Сатыгулов.
Жергиликтүү тургун Кымызай тоо бооруна чыгып, келген конокторго гүлдөргө зыян келтирбей, аларды жулбоо керектигин эскертип келет.
Анын айтымында, коноктордун айрымдары гүлдөрдү тамыры менен жулуп, сындырып кетет.
«Гүлдөрдү жулуп салышат, тебелеп сындырышат. Азыр эле бир кыздар жулуп алыптыр. Аларга айтып келе жатам. Байкасаңыздар, гүлдөр тоонун боорунда, ал жердеги тикендерге жашынып өсүшөт. Булар адамдардан жашынып алгандай сезилет. Ылдый жакта гүл жок, өспөй калган», - деген ал.
Айгүл тоону көргөнү келген ар бир адам 50 сомдон акы төлөйт. Каттоого алынып, төлөм тууралуу дүмүрчөк берилет. Каражат түшүп жаткан менен андагы отургучтар, эс алуучу чатырчалар, жолдор каралбай калган.
Айгүл гүлү Баткен шаарынан 20 чакырым алыстыкта, анча бийик эмес тоодо өсөт. Аталган гүл апрель айынын биринчи апталарында гүл ачып баштайт. Айгүлдүн уругу жерден чыккан соң 7-8 жыл дегенде гүл ачат. Бою 1 же 1,5 метрге чейин узарат. 40 күн гүлүн ачып турат.