Turmush — Чүй облусунун Кант шаарындагы №1 Д.П.Зубков атындагы мектептин 11-классынын окуучусу Татьяна Садыкова предметтик олимпиаданын республикалык этабында физика сабагы боюнча 3-орунду алды.
Мектептин администрациясынын маалыматына караганда, Татьяна Садыкова райондук этапта 1-орунду, ал эми облустук этапта 2-орунду ээлеген.
«Татьяна биздин мектепте 1-класстан бери окуп, атайын диплом менен бүтүрүү алдында турат. Анын ийгиликке жетүү жолу — талыкпаган эмгектин, өзүн-өзү издөөнүн жана туура тандоонун натыйжасы. Ал 9-класста эле англис тили боюнча олимпиадада күчүн сынап көргөн. Бирок 10-класска чейин ал өз пландарын архитектуралык институтка тапшыруу менен байланыштырып, физиканы тандап алды.
Татьянанын бул предметке болгон сүйүүсүн физика мугалими Галина Филипповна Буцман 7-9-класстарда ойготкон. Аны даярдоодо физика боюнча республикалык олимпиадалардын лауреаттары — Богдан Савойско жана Петр Тимофеев да зор жардам көрсөтүштү», - деп айтылат маалыматта.
Татьянанын айтымында, үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси.
«2008-жылы 5-апрелде Кант шаарында төрөлгөм. Ата-энем — Юлия Владимировна жана Данил Владиславович. Мен төрөлгөндө Яна аттуу эжем гана болгон. Азыр менден кийин Илья аттуу иним жана Мария сиӊдим бар. Жакындарым мени дайыма колдоп келишет.
Мен Россиянын алдыңкы университеттеринин бирине тапшырууну пландап жатам. Тактап айтканда, ал окуу жай — «Москвадагы инженер-физикалык институту» Улуттук ядролук изилдөө университети (МИФИ УЯИУ). Окууну аяктаган соӊ ядролук физика боюнча карьера курууну максат койдум.
Учурда бийлөөгө да кызыгам. Жалпысынан көп иштерге катыштым: сүрөт тартуу, драмалык ийрим, пианинодо ойноо. Ошондой эле беш жылга жакын убакыттан бери чиркөөнүн коңгуроочусумун», - деди ал.