Turmush — Ош облусундагы «Эркечтам» өткөрүү пунктунда өз өмүрүнө кол салууга аракет кылды делген 22 жаштагы аскер кызматкери алган оор жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу Алай аймактык ооруканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 7-апрель күнү кечки саат 20:55тер чамасында болгон. Жаракат алган жаран алгач Нура айылындагы ооруканага жеткирилген. Ал жерден биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, андан соң тез жардам унаасы менен Гүлчөгө жөнөтүлгөн.
Дарыгерлердин айтымында, бейтаптын башына ок атылып, абалы өтө оор болгон. Ош шаарынан келген адистер тарабынан шашылыш операция жасалганына карабастан, ал комада жандандыруу бөлүмүндө жаткан.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, ок ээгинен кирип, көзүнүн жанындагы кан тамырларды жабыркаткан.
Аскер кызматкери 11-апрель күнү кечке жуук алган жаракатынан улам көз жумду. Маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилген.
Turmush басылмасына маалым болгондой, маркум 12-апрелде Алай районунун Сары-Таш айылында жерге берилди.