Turmush — Чүй облусунун Токмок шаарында апасы менен жолдон өтүп бара жаткан кичинекей кызды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.
Алардын айтымында, окуя кечээ, 13-апрелде саат 16:58 чамаларында Ибраимов көчөсүндө болгон.
Ал эми Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы Turmush басылмасына тастыктаган маалыматка караганда, 2016-жылдын 13-апрелинде Токмок ШИИБге жөө адамды унаа сүзүп кеткени тууралуу билдирүү түшкөн.
Аталган факт катоого алынып, тешкерүү иши башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө окуя Ибраимов көчөсүндөгү жөө адамдардын өтмөгүндө болгону, жабырлануучу 2020-жылы туулган А.Т. экени аныкталган. Ошондой эле жол кырсыкты «BMW 525» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу — 1987-жылы туулган М.А. жасаганы такталган.
Окуядан кийин айдоочу жабыркаган А.Т. жана анын апасы — 1996-жылы туулган К.Ж.ны унаага салып, Чүй райондук дарыгерлердин жалпы практикалык борборуна жеткирген.
Унаанын айдоочусу М.А. текшерүүдөн өтүп, мас абалында эмес экени аныкталды. Унаа айып короого токтотулду.
Жабырлануучу кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, текшерүү уланып жатат. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү чечим кабыл алынат.