Turmush — Кемин районуна караштуу Совет айылынын 55 жаштагы тургуну Насипбек Акматов ӨКМде айдоочулук кесипти аркалоо менен бирге бош убактысында темир усталык кылат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, 1991-жылы Ысык-Көл индустриалдык техникумунун автоунааны эксплуатациялоо факультетин аяктаган. Ал чакан авто, чакан драндулет, чакан трактор, чакан жүктөгүч, картошка жана кызылча казгычтарды жасайт. Анын жасаган буюмдары айыл жергесинде кеңири суроо-талапка ээ.
«Бул кол өнөрчүлүк аталарыман калган өнөр. Ата-тегим усталар болгон экен. Ушундан улам мага жукса керек. Негизинен бала кезимен конструкцияга, бир нерсе жасаганга кызыкчумун. Альюмин зымдар менен буюм-тайым жасап жүрчүмүн. Ал кезде мен курактуу балдар көчөдө чүкө ойноп жүрүшчү.
Кийин 2000-жылдарга жакын оор техникаларды жасап баштадым. Ал кезде жаӊы ширетүүнү иштеткем. Ошол кезде эӊ биринчи азыркы «Муравей» сыяктуу унаа жасагам. Бирок бир аз чоӊураак болчу. Меники 4 дөӊгөлөктүү болчу. Эгер ошол убакта бир ишкерлер же өкмөт колдоо кылып, балким тереӊ ойлонуштуруп кеткенде азыркы «Желмаян» аттуу электро арабаларды балким ошондо эле биз чыгарып кетмекпиз. Ал кезде болгарка чыга элек болчу. Ал алгачкы техникалардын кѳбүн кол менен темир аралагыч менен аралап, ширетип, балка сыяктуу шаймандарды колдонуп жасаганбыз. Азыр болгарка сыяктуу шаймандар чыгып, жеӊил болуп калды.
Өзүм 2010-жылы өрт өчүрүү кызматына айдоочу болуп жумушка киргем. Ошол жерден интернетти түшүнүп, колдоно баштадым. Анан ютуб деген чыкты. Ал жерде мага керектүү, менин оюмдагыдай жасаган видеолор чыгат экен. Аларды көрүп, кийинки техникаларымды жасай баштадым. Жасаган техникаларымдын баары айыл чарбага, фермерликке керектүү техникалар болду. Кээ бир аймактарга буйрутма менен сатып алып кетип жүрүштү.
Тетиктерин бузулуп, жүрбөй калган «Москвич, «Жигулилердикин» колдоном. Ал эми моторун кытайдын 1 цилиндирлүү моторлорун сатып алып колдоном. Бул моторлор мен жасаган техникаларга ылайыкталып жасалып жатат. Баш-аягы 10го жакын кичи техника жасадым.
Техникаларым жер казат, арык казат, айдоо иштерине катышат. Короого, огородко жеӊил кирип, оӊой иштетилет. Кичинекей болуп алып күчтүү. Өчүп, токтоп турган «МТЗ 80» үлгүсүндөгү кадимки чоӊ тракторду ордунан сүйрөп жылдырган.
Чөп көтөрүп, унаага жүктөгүч жасагам. Бул аябай элге керектүү нерсе экен. Анткени кол менен ыргытып жыйнап берчү балдар эки-жака иштегени кетип, калгандары жетишпей, эле кезек күтүп калып жатат. Мен мурун жасаган техникамды сатып жиберип, азыр өзүм зар болуп жатам. Ушундай чөп ыргытып жыйнаган техникаларды көп эле жасайын деп жатам. Бирок кичине мүмкүнчүлүк болбой жатат», - деди ал.
Уста 4 кыз, 1 уул, 3 неберенин атасы.